АСМК мүчөлөрүн аттестациядан өткөрүүнүн тартиби
Аттестациядан өтүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2021-жылдын 8-июнундагы № 755 буйругуна ылайык иштелип чыккан белгиленген тартипти сактоого тийиш.
1. Жалпы жоболор
- Аттестацияга документтерди кабыл алуу, каттоо, текшерүү жана өткөрүп берүү эрежелерин аныктайт.
- Ишке ашырууга жооптуу: АСМКнын Клиникалык практика жана аттестация боюнча комитети.
2. Документтерди кабыл алуу
- Документтер жумуш күндөрү электрондук жана/же кагаз түрүндө кабыл алынат.
- Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- Белгиленген формадагы аттестациядан өтүүгө арыз;
- Аттестациялануучунун жетекчиси тарабынан кол коюлган эсептик картасы;
- Медициналык билим берүү жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
- Адистин сертификатынын көчүрмөсү;
- Белгиленген мөөнөттө НМБ (НМО) курстарынан өткөндүгүн жана сааттардын белгиленген көлөмүн (250 кредит-саат) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар);
- Паспорттун же ID-картанын көчүрмөсү;
- Төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу квитанция (реквизиттерди катчы берет).
- Документтер жеке номер ыйгаруу менен каттоого алынат.
- Документтерди аттестациялык комиссиянын катчысы Таалайканова Айнура Таалайкановна электрондук почта аркылуу ajnuratt@gmail.com дарегинде кабыл алат.
- Кошумча маалымат алуу үчүн +996 708 835 888 (WhatsApp) телефонуна кайрылса болот.
3. Документтерди текшерүү
- Документтер АСМКнын Комитети тарабынан 10 жумуш күнүнүн ичинде текшерилет.
- Текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Формалдуу экспертиза — бардык документтердин бар экендигин жана алардын туура толтурулушун текшерүү;
- Мазмундук экспертиза — № 755 буйрукка шайкештигин жана НМБ боюнча тастыкталган сааттарды текшерүү.
- Документтерде дал келбестиктер аныкталган учурда, арыз ээсине 5 күндүн ичинде билдирилет.
- Кемчиликтер оңдолгондон кийин документтер кайрадан текшерилет.
4. Чечим кабыл алуу
- Комитет аттестацияга киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду даярдайт.
- Корутунду АСМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
- Аттестацияга киргизилген учурда документтер тестирлөө үчүн ЦНОКко өткөрүлүп берилет.
- Арыз ээсине кабыл алынган чечим жана тестирлөөнүн датасы жөнүндө билдирилет.
5. Документтерди сактоо жана отчеттуулук
- Бардык документтер АСМКнын архивинде кеминде 5 жыл сакталат.
- Ар бир квартал сайын берилген арыздардын саны жана аттестациянын жыйынтыктары жөнүндө отчет берилет.
Биздин максаттарыбыз
- Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кесиптик өсүшүн колдоо;
- Аттестация процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
- Медициналык практиканын компетенцияларын жана стандарттарын жогорулатуу.